Мамлекеттик тилин өнүктүрүүгө арналган иш-чаралар

5 Дек 2019

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чаралардын үч айлыгын жыйынтыктоо мааракелери республикабыздын бардык кесиптик лицейлеринде өткөрүлүүдө.

Атап кетсек, 2019-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарынын №5-кесиптик лицейинде Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү максатында, Манас күнүнө жана Ч. Айтматовдун туулган күнүнө карата чоң программадагы маараке болуп өттү.

Аталган маарекеге Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору Р.Р. Карасартова, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын өкүлдөрү, Бишкек шаардык кесиптик лицейлердин директорлору жана башка чакырылган коноктор катышышты.

№5-кесиптик лицейдин жамааты - окуучулардын, мугалимдердин, устаттардын жана тарбиячылардын катышуусунда чоң программадагы концерт тартуулашты.

Ар түрдүү көп улуттун балдары кызыгуу менен кыргыз тилин үйрөнүп, сүйлөшүп жана өздөрү тандап алган жумушчу кесиптин ээси болууга чоң аракеттер менен үйрөнүп жатышкандыктарын жарыялашты.

Ошондой эле окуучулар устаттары менен биргеликте өздөрүнүн кесиби боюнча, жыгачтан жана темирден эмерек жасоо боюнча мастер-класстарды көрсөтө алышышты.

Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору Рита Карасартова

Окуучулар устаттары менен биргеликте өздөрүнүн кесиби боюнча, жыгачтан жана темирден эмерек жасоо боюнча мастер-класстарды көрсөтүп жаткан учуру.

© АГЕНТСТВО НАЧАЛЬНОГО ПРОФЕССИОНАЛЬНОГО ОБРАЗОВАНИЯ
ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ОБРАЗОВАНИЯ И НАУКИ КР

Почтовый индекс: 720010
Адрес: г. Бишкек, проспект Манаса 22а
E-Mail: dtve@elcat.kg, gapto@mail.ru, info@kesip.kg, international@kesip.kg