“WorldSkilss” программасынын алкагында

26 Ноя 2019

Москва шаарында өтуп жаткан кесиптик билим берүү системасынынын “WorldSkilss” программасынын алкагында жыл сайын Орто Азия мамлекеттеринин, жумушчу кадрларды даярдоо тармагынын арасында өтүп келген кесиптик чеберчилик боюнча чемпионатка эми Кыргызстан да катышууга даярдык көрөт. Кесиптик окуу жайлардын устататтары, мугалимдери, Кесиптик билим берүү Агенттигинин өкүлдөрү аталган иш чарага катышып, бул чемпионатка кандай даярдыктардан өтүш керек экендигин жана, катышуу процесстерин изилдөөдө. Аталган долбоорду Кесиптик билим берүү Агенттиги GZT уюмунун колдоосу менен ишке ашырууда. Эми Кыргызстан дагы бул программага кирген соң, эл аралык деңгээлде жумушчу адистерди чемпионаттарга катыштыра алат. Эсиниздерге салсак жакында эле биз даярдаган ашпозчулар, Орто Азия мамлекеттери катышкан чемпионатта женишти багындырышып, мекенибизге ийгилик менен кайткан. Чемпионат Ташкент шаарында өткөрүлгөн. Башталгыч кесиптик билим берүү Агенттиги жумушчу кадрларды эл аралык билим берүү стандарттарына ылайык, сапаттуу дайындоодо баардык аракеттерди көрөт.

© АГЕНТСТВО НАЧАЛЬНОГО ПРОФЕССИОНАЛЬНОГО ОБРАЗОВАНИЯ
ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ОБРАЗОВАНИЯ И НАУКИ КР

Почтовый индекс: 720010
Адрес: г. Бишкек, проспект Манаса 22а
E-Mail: dtve@elcat.kg, gapto@mail.ru, info@kesip.kg, international@kesip.kg