97-Кесиптик Лицейде өткөн иш чара

21 Ноя 2019

Башталгыч кесиптик билим берүү Агенттигинин директору Таалайбек Чолпонкулов Бишкек шаарындагы 97-кесиптик лицейден кабар алды. Бул өлкөбүздөгү темир жол тармагынын адистерин окуткан жалгыз окуу жайы. Дал ушул жерде темир жолчулар окутулуп даярдалат. Бугун 400 гө жакын бала темир жол тармагынын адистиги жана ашпозчу кесиби боюнча билим алып келет. Жакында эле Азия өнүктүрүү банкы жана Башталгыч кесиптик билим берүү Агенттигинин жардамы менен окуу жай ремонттон өтүп, жаңы жабдуулар коюлган. Санариптештируу жылында окуучулардын баардыгы компьютертерлер менен камсыз болушу керек деп билдирди Таалайбек Чолпонкулов. Аталган окуу жай жакында эле акыркы үлгүдөгү компьютердик класс ачып, азыр балдар сапаттуу билим алууда. Окуучулар үчүн жатакана өткөн жылы толугу менен ремонттон өтүп, пайдаланууга берилген. Темир жол тармагы бүгүн чоң стратегиялык мааниге ээ тармактардын бири. Биз аталган тармака сапаттуу кадрларды жыл сайын даярдап жатабыз. Биздин негизги максат жумушчу кадрларды окутуп, аларды жумуш орундары менен камсыз кылуу деп белгиледи Таалайбек Чолпонкулов.

© АГЕНТСТВО НАЧАЛЬНОГО ПРОФЕССИОНАЛЬНОГО ОБРАЗОВАНИЯ
ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ОБРАЗОВАНИЯ И НАУКИ КР

Почтовый индекс: 720010
Адрес: г. Бишкек, проспект Манаса 22а
E-Mail: dtve@elcat.kg, gapto@mail.ru, info@kesip.kg, international@kesip.kg