Билим берүүгө болгон инвестиция-эртеңки жаркын келечектин пайдубалы.

18 Ноя 2019

Билим берүүгө болгон инвестиция-эртеңки жаркын келечектин пайдубалы.
Катар Мамлекети келечекте Кыргызстандын жети облусуна бирден кесиптик лицей салып берүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу кесиптик билим берүү Агенттигинин директору Таалайбек Чолпонкулов менен Катар Мамлекетинин элчисинин жолугушуусунда белгилүү болду. Катар өнүктүрүү фонду тарабынан кесиптик окуу жайынын алгачкысы жакында Чүй облусунун Аламедин районундагы Кара-Жыгач айылына салына баштады. Бул долбоорду Башталгыч кесиптик билим берүү Агенттиги ишке ашырууда. Башталгыч кесиптик билим берүү тармагын өнүктүрүү үчүн, дагы да чоң инвестициялар тартылаарын Таалайбек Чолпонкулов белгиледи. Ал өз сөзүндө акыркы беш жылда Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте Республиканын баардык аймактарында кесиптик лицейлердин материалдык-техникалык базалары чындалды. Окуу жайларыбыз бугун заман талабына ылайык, жаштарга билим берүүдө деп белгиледи.

© АГЕНТСТВО НАЧАЛЬНОГО ПРОФЕССИОНАЛЬНОГО ОБРАЗОВАНИЯ
ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ОБРАЗОВАНИЯ И НАУКИ КР

Почтовый индекс: 720010
Адрес: г. Бишкек, проспект Манаса 22а
E-Mail: dtve@elcat.kg, gapto@mail.ru, info@kesip.kg, international@kesip.kg