97- Кесиптик Лицейде ашпозчулардын сыйлоо аземи өттү

14 Ноя 2019

Бишкек шаарындагы 97-кесиптик лицейде Ташкент шаарында 30 Мамлекеттин катышуусунда өткөн ашпозчулардын чемпионатында женишке жетишкен кесиптик лицейлердин окуучуларын жана мугалимдерин сыйлоо аземи болуп өттү. Иш чарага Башталгыч кесиптик билим берүү Агенттигинин директору Таалайбек Чолпонкулов жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн ашпозчулар ассоцациясынын төрагасы Шухрат Идаятовдор катышты. Сиздер өлкөнүн келечегисиздер, биз сиздердин сапаттуу билим алуунуздар үчүн баардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүгө даярбыз. 97-кесиптик лицейге ашпозчу кесибинин окуучулары үчүн былтыр Азия өнүктүрүү банкы жаны заманбап жабдууларды коюп берген. Келечекте дагы сиздердин келечегинер учун инвестициялар тартылат. Быйыл буйруса бир кесиптик окуу жайдын базасында кулинардык академия ачуу аракетин коруп жатабыз деди кесиптик билим беруу Агенттигинин директору Таалайбек Чолпонкулов. Агенттиктин ардак грамотасы менен фестивалга катышкан окуучулар жана устаттар сыйланса. Кесиптик билим берууну онуктурууго кошкон зор салымы учун 97-кесиптик лицейдин директору Айзат Пусурманкул Кесиптик билим беруунун отличниги тош белгиси тапшырылды. Сыйлык сиздердики,сыймык биздики! Бугун Бишкек шаарында 5 кесиптик окуу жайы ашпозчу кесибинин адистерин окутуп даярдап келет. Агенттик ашпозчулар ассоцациясы менен келишим тузуп, аталган уюм мугалимдердин квалификациялын денгээлин жогорулатып , турдуу семинарларды уюштуруп келет.

© АГЕНТСТВО НАЧАЛЬНОГО ПРОФЕССИОНАЛЬНОГО ОБРАЗОВАНИЯ
ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ОБРАЗОВАНИЯ И НАУКИ КР

Почтовый индекс: 720010
Адрес: г. Бишкек, проспект Манаса 22а
E-Mail: dtve@elcat.kg, gapto@mail.ru, info@kesip.kg, international@kesip.kg