Ильяс Касендеевдин 80 жылдык эскерүү кечеси

6 Ноя 2019

Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин.
Өмүрүнун кобун кесиптик-техникалык билим берууго арнаган, профтех системасына опол тоодой эмгек кылып, элибиздин журогундо калган инсаныбыз Ильяс Касендеевдин 80 жылдык эскеруу кечеси Бишкек шаарындагы №91-кесиптик окуу жайында болуп отту. аталган иш чарага Ильяс Касендеевдин бир туугандары, уй булосу, кесиптик билим беруу агенттигинин директору Таалайбек Чолпонкулов, кесиптештери жана жердештери катышты. Таалайбек Чолпонкулов оз созундо Ильяс Касендеев миндеген кесипкой жаштардын тарбияланып чыгуусуна зор салым кошкон орноктуу инсан экенин белгилеп, ал кишинин 80 жылдыгынын урматына Республиканын баардык аймактарында кесиптик лицейлер маданий, спорттук иш чараларды откоруп жатканына токтолду. Улуу инсаныбыздын 80 жылдыгын откоруу боюнча Кесиптик билим беруу агенттиги атайын программа иштеп чыгып, жер жерлерде Ильяс Касендеевичтин жаркын элесине арналган илимий практикалык конференциялар, спорттук мелдештер жана мугалимдер арасында конкурстук кароо сынактар отуп жатканын белгиледи. Бул инсандын айкели борборубуздагы №91-кесиптик лицейге тургузулган. Агайыбыздын жаркын элеси биздин журогубуздо туболуко жашайт.

© АГЕНТСТВО НАЧАЛЬНОГО ПРОФЕССИОНАЛЬНОГО ОБРАЗОВАНИЯ
ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ОБРАЗОВАНИЯ И НАУКИ КР

Почтовый индекс: 720010
Адрес: г. Бишкек, проспект Манаса 22а
E-Mail: dtve@elcat.kg, gapto@mail.ru, info@kesip.kg, international@kesip.kg