Сармерден - 2019

30 Окт 2019

“2019-жыл - Аймактарды ѳнүктүрүү жана ѳлкѳнү санариптештирүү” жылына карата Башталгыч кесиптик билим берүү тармагынын Баткен облусундагы кесиптик лицейлер арасындагы Кыз-жигит «Сармерден» кароо-сынагы Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылындагы Н.Мусаев атындагы №8 КЛ базасында 24-26 октябрь айында өттү. Сынактын ачылышы Республикалык чыгармачылыкты өнүктүрүү жана маданият борбору тарабынан уюштурулуп, концерттик программа тартууланды. Бул сынакка Баткен облустунан келген 10 кесиптик лицейлердин окуучулары катышышты.

Кароо сынактын номинациялары:

  • Манастан үзүндү
  • Обондуу ырлар жергиликтүү обондор
  • Макал-лакап (мурда кийин айтылбаган макалдар).
  • Жанылмач айтышуу
  • Улуттук бий
  • Музыкалык аспаптарда ойноо (комуз, гитара, кыяк, чоор, ж.б.)
  • Табышмак айтышуу
  • Хор

Республикалык чыгармачылыкты өнүктүрүү жана маданият борбору тарабынан катышуучуларга мактоо жана ыраазычылык баракчалары, сынактын жеңүүчүлөрүнө баалуу техника каражаттары тапшырылды.

I-орун «Кыздар командасы»

II-орун «Балдар командасы»

III-орун Лейлек р. № 33 КЛ

IV-орун Джеенбаев Мыктыбек № 31 КЛ

V-орун Мамашарип к. Айтигул № 8 КЛ


© АГЕНТСТВО НАЧАЛЬНОГО ПРОФЕССИОНАЛЬНОГО ОБРАЗОВАНИЯ
ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ОБРАЗОВАНИЯ И НАУКИ КР

Почтовый индекс: 720010
Адрес: г. Бишкек, проспект Манаса 22а
E-Mail: dtve@elcat.kg, gapto@mail.ru, info@kesip.kg, international@kesip.kg