2019-жылдын 27-майында Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаӊы-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейинин окуу-өндүрүштүк базасында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин көчмө жыйыны өттү

7 Июн 2019

Жыйында «Айылдарды туруктуу жана комплекстүү өнүктүрүүгө багытталган Органикалык аймак модели» жана «Тоолуу агроэкосистемаларда азыктанууну жакшыртуу» долбоору боюнча ийгиликтүү тажрыйбаларды өлкөбүздүн аймагында жайылтуу, «Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарбасынын абалы, өнүгүүсүнүн мүмкүнчүлүктөрү, кыйынчылыктары жана келечеги жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин 2018-жылдын 7-майындагы чечиминин аткарылышынын абалы жөнүндө маселелер талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, эксперттери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн агроөнөр жай жана экология бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы органикалык айыл чарбасы департаментинин, “Кыргызмамжердолбоорлоо” институтунун, дыйканчылык институнун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин директору ж.б. жетишилген ийгиликтүү тажрыйбалар менен жеринде таанышып, органикалык аймактардын өкүлдөрү жана айылдык кызмат көрсөтүүчүлөр менен баарлашып, №43-кесиптик лицейинин органикалык айыл чарбасын окутуу мүмкүндүгү жана материалдык-техникалык базасы менен таанышып, аталган 43-кесиптик лицейдин Айыл чарба техникаларын жана жабдууларын техникалык жактан тейлөө станциясынын ачылыш аземине катышышты.

© АГЕНТСТВО НАЧАЛЬНОГО ПРОФЕССИОНАЛЬНОГО ОБРАЗОВАНИЯ
ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ОБРАЗОВАНИЯ И НАУКИ КР

Почтовый индекс: 720010
Адрес: г. Бишкек, проспект Манаса 22а
E-Mail: dtve@elcat.kg, gapto@mail.ru, info@kesip.kg, international@kesip.kg