"Манас таануу" интеллектуалдык таймашы.

8 Май 2019

"Манас таануу" интеллектуалдык таймашы. "Манас" эпосу - элибиздин руханий табылгасы, укумдан-тукумга өтүп келген улуу мурасы, улуттун сыймыгы. Өсүп келе жаткан жаш муунга тарыхты үйрөтүп, мекенчилдик сезимдерин ойготуп, достукка, биримдикке, улут аралык ынтымакка тарбиялайт.

КТРКнын "Манас таануу" интеллектуалдык теле таймашы 29-апрелден 4-майга чейин өткөрүлүп, таймашка республика боюнча 20 команда катышты. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча «Манас» эпосунан суроолору берилди. Жылдан-жылга мектеп окуучуларынын эле эмес, жалпы коомчулуктун бүйүрүн кызытып, кызыгуусун жаратып жаткан таймашка, Анадолу Кыргыз-Түрк кесиптик кыздар лицейинин «Кыраан Манас» тобунун кыздары Базарбаева Сезим, Курманбекова Ширин, Самидинова Медина, Нуркасымова Элиза, Тобокелова Гүлзина, Төробекова Апара берилген суроолорго так жана туура жооп беришип, кыргыз тилдүү мектептердин арасынан республикалык таймашта экинчи орунду багындырышты.

“Манас-мурас” коомдук фондусунун төрагасы Рысбай Исаков жана Баластан каналынын продюсери Кундуз Аманова “Кыраан Манас” тобунун кыздарына; Диплом, “Манас”, “Семетей” эпостору жана Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы “Манас” эпосунун VII, VIII, IX томдорун, уюлдук телефон, жана Талас облусундагы “Манас - Ордого” бир жумалык жолдомо тапшырышты.


© АГЕНТСТВО НАЧАЛЬНОГО ПРОФЕССИОНАЛЬНОГО ОБРАЗОВАНИЯ
ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ОБРАЗОВАНИЯ И НАУКИ КР

Почтовый индекс: 720010
Адрес: г. Бишкек, проспект Манаса 22а
E-Mail: dtve@elcat.kg, gapto@mail.ru, info@kesip.kg, international@kesip.kg