“Региондорду өнүктүрүү жылына” жана “Эмгек резерви” Республикалык дене тарбия жана спорт борборунун 25-жылдыгына карата кесиптик башталгыч окуу жайларынын окуучулары арасында Республикалык 64–Спартакиадасы өтүп жатат

16 Май 2018

“Региондорду өнүктүрүү жылына” жана “Эмгек резерви” Республикалык дене тарбия жана спорт борборунун 25-жылдыгына карата 2018–жылдын 13–19–май күндөрү аралыгында кесиптик башталгыч окуу жайларынын окуучулары арасында Республикалык 64–Спартакиадасы өткөрүлөт.

Кесиптик башталгыч окуу жайлардын арасындагы спартакиада дене тарбия жана спорттун массалуулугун өркүндөтүү, жаштардын ден–соолугун чыңдоо максатында өткөрүлүү менен төмөнкү милдеттерди өзүнө камтыйт:

  • кесиптик башталгыч окуу жайлардын окуучуларынын спорттук – массалык ден соолукту чыңдоо иштерин жакшыртуу;
  • кесиптик башталгыч окуу жайлардын жаштарынын арасында достукту бекемдеп, ынтымакка чакыруу;
  • кесиптик башталгыч окуу жайларында дене тарбия жана спортту кеңири жайылтуу;
  • окуучулардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу, ийримдерге катышуусуна көмөк берүү;
  • спортсмендердин чеберчилигин күчөтүп, эл аралык мелдештерге катышуу үчүн курама командага спортсмендерди тандап алуу.

64 - Спартакиада спорттун 8 түрү боюнча өткөрүлөт: бокс, эркин күрөш, волейбол, футбол, ордо, стол тенниси, жеңил атлетика жана кыргыз күрөш.

Спартакиаданын жабылышы 2018-жылдын 19–майында “Эмгек резерви” Республикалык дене тарбия жана спорт борборунун стадионунда өткөрүлөт. Мелдештин аягында жеңүүчүлөргө медалдар, дипломдор жана кубоктор тапшырылат.

Фото Эмгека Резерви.

Фото Эмгека Резерви.


Фото Эмгека Резерви.

Фото Эмгека Резерви.

Фото Эмгека Резерви.

Фото Эмгека Резерви.

Фото Эмгека Резерви.

© АГЕНТСТВО НАЧАЛЬНОГО ПРОФЕССИОНАЛЬНОГО ОБРАЗОВАНИЯ
ПРИ МИНИСТЕРСТВЕ ОБРАЗОВАНИЯ И НАУКИ КР

Почтовый индекс: 720010
Адрес: г. Бишкек, проспект Манаса 22а
E-Mail: dtve@elcat.kg, gapto@mail.ru, info@kesip.kg, international@kesip.kg